АКШда камалган жети кишиге ырасмий айып тагылды

Айыптоо корутундусунда алар Чикагодогу эң бийик имаратты,ошондой эле Майамиде өкмөттүк бир нече мекемени жардырмак болушканы айтылат. Бул пландардын баары “Ал-Каида” уюму менен макулдашылган. Террордук иштерди даярдаган деп айыпталган жети киши бейшемби күнү Флорида штатында камакка алынган эле.