Иракта 80гө жакын жумушчу барымтага алынды

Ирактын Таджи шаарында козголоңчулар мамлекеттик ишканаларда иштеген 80гө жакын адамды барымтага алышты. Анын аралыгында, Багдадда Ирактагы козголоңчу топторунун биринин жетекчиси Нури Абу Хайдер аль-Окаби кармалды. Бул тууралы АКШнын Ирактагы командачылыгы маалымдады.