Депутат Тайырбек Сарпашев энергетиканы сактап өнүктүрүүнүн өзгөчө жолун сунуштайт

Электр тармактар ишканаларын башкаруу жана менчиктештирүү боюнча өкмөт пландагандан өзгөчө жолду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев сунуштады. Анын пикиринде, өкмөт энергетиканы башкаруудагы дурус эмес менеджер. Ошондуктан, реформага барыш керек.
Төрага орун басары Ошто бөлүштүргүч компанияны жергиликтүү башкаруу органдарына, Ысыккөлдө тармактын эмгек жамаатына, Нарында инвесторлорго, ал эми Түндүкэлектрону аукциондо сатыкка коюуну сунуштоодо.Бирок өкмөт буга макул болбой, Танаев, Акаев өкмөттөрү түзгөн программаларды алып келип жатат, деп белгилейт Тайырбек Сарпашев.

Айданбек Акмат уулу