БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Черногорияны уюмга кабыл алуу маселеси каралат

Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Черногорияны уюмга мүчө-өлкө катары кабыл алуу маселесин карайт. Буга чейин Черногориянын президенти өлкөнү уюмга кабыл алуу өтүнүчү менен БУУнун баш катчысы Кофи Аннанга кайрылган. Черногориянын көз карандысыздыгы 21-майдагы референдумдан кийин жарыяланган.