Иран анын өзөктүк маселесин жөнгө салуу боюнча сунуштарды кароодо

Иран анын өзөктүк маселесине байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө-өлкөлөрүнүн сунуштарын кароодо. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Бакуда билдирди. Буга чейин АКШ эгерде Тегаран уранды байытууну токтопосо, ага карата санкциялар киргизилээрин эскерткен.