Куршаб округундагы Түзбел участкасында кайрадан парламенттик шайлоо болот

БИШКЕК. БШК бүгүнкү жыйынында аталган участкада 25-июнда кайра шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды. Өткөн жумада Жогорку сот бул участкадагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарган. Куршаб округунда 23-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен БШК өткөн айда Мамат Орозбаевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаган. Шайлоодо жеңилип калган анын атаандашы Санжарбек Кадыралиев БШКнын мындай чечимине каршы сотко кайрылган.