Жалалабатта малдын шарп ылаңы жайылууда

ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Аксы районундагы Карасуу жана Жаңыжол айыл өкмөттөрүндөгү 15 баш ири мүйүздүү малдан шарп ылаңы табылган. Малдын жугуштуу бул дарты Сузак районундагы Кызылтуу айыл өкмөтүндөгү 18 уйга, Токтогул районундагы 4 баш малга да жуккан. Шарп ылаңы чыккан айылдарга 21 күндүк карантин жарыяланды. Облустук ветеринардык башкармалыктан 20-июнда алынган маалымат боюнча ылаң Өзбекстандан сатылып алынган малдардан жуккан.

Шайырбек Эркин уулу