Жалалабатта депутат Кадыржан Батыровдун менчик «Темирташ» акционердик коомун ээлегендердин тизмеси 800дөн ашып кетти. 19-июнда элди менчик имараттан чыгаруу маселеси жергиликтүү бийлик жана ал жерди ээлегендердин өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Талкууга депутат Кадыржан Батыров да келди. Жалалабатта турак-жай маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана чечсе болот. Ушундай чечимге келген жыйын президент менен өкмөткө, ишкерлерге кайрылуу даярдай турган болду.
Турак-жайга муктаж жалалабаттагы жарандар депутат Кадыржан Батыровго караштуу «Темирташ» акционердик коомун 12-июнда ээлешкен. Андан бери улутуна карабай тизмеси 800дөн ашып кеткен элдин агымы токтоочудай түрү жок. Имаратты ээлегендердин башчысы Манас Бектурсунов Кадыржан Батыровдун кыйла жерди менчиктештирип алганын маалымдап, депутаттын эл алдына келбегенине нааразы болду:
- Өзбек улутундагы майып аялдар келди. Мен айттым, бул үй меники эмес, Батыров Кадыржандын үйү, сатып алгам деп. 10 гектар жерди плита менен ороп койгон экенсиз, ал жерди көрүп келдим, эмне үчүн келбедиңиз ошол жерге эл чакырганда. Сизди депутат кылып эл шайлаган. Эмне үчүн элди урматтабайсыз?
Кадыржан Батыров шайлоочулары менен жолугууга бармак болгон. Жогорку Кеңеште кездешкен аялдардын тобу анын ар бир сөзүнөн кынтык тапкандыктан ал менчигин ээлегендер менен жолугушуу оюнан баш тарткан. Көп жерди талкалануудан сактаганын эске салган депутат менчик ишканасында түрлүү улуттун өкүлдөрү иштерин билдирди:
- Парламентке аялдардын эки-үч делегациясы барды, алардын үрөйүн байкадым, сөздүн ичинен сөз чыгарышкандыктан расмий чакырса барайын, болбосо барбайын деп чечтим. Булардын баарын мен сактап калдым. Адамдар ал жерде иштеп атышат. Башка сельхозтехникаларды барып көргүлөчү, ордунда эмне калды? Мен эмне иш кылсам, иш орундарын сактап калдым, кыргыз, өзбек, курд дебей, тегиз иштеп атышат ал жерде.
Жалалабатта турак-жай үчүн кезекте 3500 адам турат. Мэр Дүйшөналы Мамасалиевдин айтымында, шаарда 40-60 кишиге жетер жер калды. Ошондуктан ал көп кабаттуу үйлөрдү курууну сунуш кылды:
- Шаарда жер жок. Көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. 40-60 жер бар, аларды майыптарга берилет.
Турак-жай маселесин чечүү үчүн жыйындагылар президент менен өкмөткө, ишкерлерге кайрыла турган болушту. Менчик жайларды ээлөөгө жол бербөө, көп кабаттуу үйлөр үчүн инвестиция издөө чечими да кабыл алынды. Ал жөнүндө губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов минтип айтты:
- Мен силер менен бирдикте өкмөткө, президентке кайрылалы. Жалалабат шаарында башка бизнесмендерибиз бар ошолордун баарына кайрылалы. Биз көп кабаттуу үйлөрдү куруп, эшик, терезени курганга, же шыйпырын койгонго өкмөттү жардам бер дешибиз мүмкүн. Ушундай бир жыйынтыкка келсек, сөзсүз түрдө сиздердин маселеңер чечилет.