Өзбекстанда дагы бир америкалык уюм жабылды

Өзбек соту кечээ күнү "Борбор Азиядагы эркин кызматташуу" деп аталган америкалык өкмөттүк эмес уюмдун Өзбекстандагы кеңсесин жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Өлкөнүн укук министрлигинин билдиргенине караганда, уюм өзүнүн уставында жазылган максаттарга туура келбеген аракеттерди көргөн.