Либериянын мурдагы президенти Чарльз Тейлор соттолушу мүмкүн

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү Либериянын мурдагы президенти Чарльз Тейлорду Гаага шаарындагы Эл аралык сотко берүү тууралуу чечимди бекитти. Кеңештин бардык 15 мүчө-мамлекети бир добуштан колдогон ал чечимге ылайык, уюмдун баш катчысы Кофи Аннан эми Тейлорду кармап, Гаагага жеткирүү боюнча чара көрүүгө тийиш.