Президент К. Бакиев Алматы жыйынына катышат

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Алматы шарында баштала турган Азия аймагында өз ара ишеним жана биргелешип аракеттенүү кеңешмесине мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Азия мамлекеттерин бириктирген бул кеңешмени түзүү идеясы казак президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 1992-жылы көтөрүлүп, алгачкы саммит 2002-жылы Алматы шаарында өткөн.