Европа Биримдигинин Конституциясынын долбоору 2008-жылга чейин талкууланат

Европа Биримдигинин Конституциясынын долбоорун талкуулоо 2008-жылга чейин узартылды. Мындай чечим Евробиримдиктин Брюсселде өтүп жаткан жыйынында кабыл алынды. Евробиримдиктин Кеңешинин төрагасы, Австриянын федералдык канцлери Вольфганг Шюссельдин билдиргенине караганда, 2007-жылга чейин Конституцияны кабыл алууга байланыштуу иш-чаралар боюнча доклад даярдалат.