Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында кабарчыбыз Валентинас Митте беларус саясатчысы, өткөн жазда болгон президентик шайлоодогу оппозиция лидери, президенттикке талапкер Александр Миленкевичтин шайлоо кампаниясын уюштургандардын бири Беларустун Элдик фронтунун жетекчиси Винтцюк Вячорка менен сүйлөшүп, өлкөнүн түрмөлөрүндөгү жагдай жөнүндөгү суроолор менен кайрылган.
Винтцюк Вячорканын айтымында, адатта оппозициялык көз караштагы активисттерди ОМОНдун же жаңыча аталышы "спецназдын" кызматкерлери кармашат. Алар көп учурда жөнөкөй кийимдерди кийип жүрүшөт.
Бирок милициядан өзгөчө катаалдыгы менен айырмаланып, адамдарга каршы катуу күч колдонушат. Март айында өткөн шайлоо өнөктүгүнүн учурунда камакка алынган Вячорка камакка кантип алынганын мындайча баяндайт.
"Мени, Миленкевичтин шайлоо өнөктүгүнүн алкагында, мыйзамдуу түрдө өткөрүлгөн митингден кийин, камакка алышты. Радио жабдыктарыбызды ташыган автобусту күтүүсүздөн эле жөнөкөй кийим кийген жоон топ киши басып алып, биздин колдорубузду кайрып, тинтип чыгышты. Минскинин коомдук коопсуздук үчүн жооптуу полициясынын башчысы чөнтөктөрүмдү тинтип чыгып, көптөн көздөгөн максаты ишке ашып, мени колго түшүргөнүнө абдан курсант болуп турганын айтып жатты ,-дейт Вячорка.
Саясатчынын айтымында, спецназ кармаган адамдардын баарын ушунтип тинтип, жандарына эч бир буйум-тайым калтырбай, тартып алат. Алар колго түшкөн адамдын жанын кыйганга себепкер боло ала турган буйумдардын баарын алышат. Камакка алынган адам адатта тергөө түрмөсүнө жеткирилип, сот боло турган күндү күтөт. Соттун чечими чыгарылган соң алиги адам баардык түрмө туткундарынын башына келүүчү мүшкүлдөрдү көтөрөт, дейт Вячорка.
Вячорканын айтымында, туткундарга күнүнө эки ирет тамак берилет, нан да жетиштүү болот, бирок мындай азыктын өзү бар болгону менен сапаты жок эле. Витаминдүү ар түрдүү тамак жөнүндө кеп кылууга болбойт, дейт ал.
Андан ары сөзүн улантып, саясатчы март айында өткөн шайлоо кампаниясынын учурунда Беларуста бир миңден ашык киши камакка алынып, түрмөлөр толуп чыкканын баяндап, ал жаткан камерага 14 киши камалганын, орундун жетишсиздигинен туткундар жерге жатып уктаганга мажбур болушканын маалымдайт.
Ошону менен бирге эле ал спецназдан айырмаланып түрмө кызматкерлери саясий туткундарга сабырдуу, ал тургай жумшак мамиле кылышканын айтат. Бирок мындай мамиле жуп шайлоо алдында жогорудан келген буйрук боюнча өзгөрүп, карантин киргизилди деген шылтоо менен саясий туткундарга сырттан тамак- аш алууга, гезит-журналдарды алдырып окууга тыйуу салынды, деп кошумчалайт ал.
Вячорка саясий туткундар менен кадимки кылмышкерлерди аралаш бир камерага олтургузган учурлар да болгонун сүрөттөйт.
"Апрель айында Чернобыль жүрүшүндө камалганымда мени хулигандар жана кадимки кылмышкерлер менен бир камерага олтургузуп койушту. Саясий туткундардын сазайын бергиле деген атайын буйрук болбогондо, мен мындай адамдады көрмөк эмесмин",- дейт саясий активист.