Вашингтон Ирандан анын өзөктүк маселесин чечүүгө байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн сунуштары боюнча оң жооп күтүүдө. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак билдирди. Анын маалыматына караганда, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Ирандын өзөктүк маселеси боюнча Кытайдын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү.