Европа Кеңеши АКШны Гуантанамодогу түрмөнү жабууга чакырды

Европарламент АКШны Гуантанамодогу аскердик базадагы түрмөнү жабууга чакырды. Анда 2001-жылдан бери терроризмде шектелген адамдар кармалууда. Европарламент ошондой эле АКШнын Борбордук чалгыдоо башкармалыгы тарабынан Европада жашыруун түрмөлөр ачылган деген маалымат боюнча иликтөөнү жарым жылга узартты.