ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫН КЫРГЫЗСТАН КАЙТАРЫП БЕРЕБИ?

Шайырбек Эркин уулу Кечээ Кыргызстандын Жогорку соту Оштогу тергөө абагында убактылуу кармалып турган төртүнчү өзбек качкынына да качкын макамын берүүдөн баш тарып, мурдагы сот чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин үч качкынга байланыштуу да ушундай эле чечим чыккан. Ушинтип бул иш бардык соттук тепкичтерди басып өтүп, Кыргызстан аларды качкын катары тааныбай турган болду. Бул төрт бозгун эми Өзбекстанга кайтарылабы?
Былтыр 13-майдагы Анжиян окуяларынан соң Кыргызстанга качып өткөн 400дөн ашуун өзбек качкындарынын он беши Өзбекстандын баш прокуратурасынын өтүнүчү менен Оштогу тергөө абагына киргизилген. Алардын он бири кийинчерээк башка мекендештери менен кошо үчүнчү өлкөгө чыгарылган. Калган төртөөнө Кыргызстандын ошол кездеги миграция департаменти качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Аларды өзбек тарап Анжиян шаарынын прокурору Ганижон Абдурахимовду өлтүрүүгө катышкан деп шектенет.

Бул качкындар Кыргызстанда калып соң Бишкектеги «Адилет» укук коргоо уюму миграция кызматынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ошентип иш бардык соттук тепкичтерди басып өтүп, акыры Жогорку сот да мурдагы чечимди күчүндө калтырды. «Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова мурдагы үч качкындын иши тууралуу Женевадагы адам укуктары боюнча комитетке кайрылганын, эми төртүнчү качкындын иши боюнча дагы кайрылаарын айтат. «Үч качкынды Өзбекстанга кайтарбоо боюнча комитет Кыргызстандагы тиешелүү мекемелерге нота жолдогон. Эгер Кыргызстан аларды артка кайтарса кыйноолорго каршы эл аралык конвенцияны бузган болот», - дейт Чолпон Жакупова.

Дагы бир укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, Кыргызстан качкындар боюнча эл аралык конвенцияга кол койгондон кийин, Өзбекстанда өлүм жазасы жана кыйноолор колдонулгандыгына жана алар саясий негизде качып келгенине байланыштуу бул 4 качкынды эч убакта Өзбекстанга кайтарбоо керек.

Ошол эле учурда башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Токтогул Какчекеев Жогорку соттун чечими акыркы чечим экенин жана ага эч ким таасир көрсөтө албастыгын айтат.

Токтогул Какчекеев ошондой эле эл аралык конвенцияда эгерде качкын оор кылмыш жасабаса гана качкын макамын алууга мүмкүнчүлүгү бардыгы белгиленгенин, бул төрт атуулга түрмөдө отурган жеринен качып кеткен деген доомат койгонун билдирди. Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимдерге ылайык, бул качкындар Өзбекстанга кайтарылыш толук мүмкүн.

Жогорку соттун мындай чечиминен соң эми кыргыз бийликтери төрт качкынды кайра мекенине кайтарабы же эл аралык уюмдардын өтүнүчү эске алынабы, азырынча белгисиз.