1993- жылкы Конституцияны калыбына келтирүү маселеси сотто каралат

БИШКЕК. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда 1993- жылкы Конституцияны калыбына келтирүү боюнча сот жараяны болот. Сотко белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов жана анын жактоочулары арыз жазышкан. Алардын айтымында, БШК буга чейин мыйзамсыз рефрендумдарды өткөрүп, экс-президенттин мыйзамсыз буйруктарын аткарып турушкан.