Кемп-Дэвидде Ирактагы кырдаалды талкуулоо улантылат

Бүгүн Кемп-Дэвидде президент Жорж Буштун, бир катар министрлер менен аскер башчылардын катышуусунда Ирактагы кырдаалды талкуулоо улантылат. Бул талкууга телеконференция аркылуу Ирактын премьер-министри Нури аль-Малики, АКШнын Ирактагы аскер башчысы Жорж Кейси да катышат. Анда Ирактагы аскерлердин санын кыскартуу маселеси да каралмакчы.