Индиянын Кашмир провинциясында бир нече адам мерт кетти

Индиянын Кашмир провинциясында орун алган жардыруулардан бери дегенде 9 адам мерт кетти. Айылдардын биринде куралдуу топ жети адамды атып салгандыгы маалымдалууда. Азырынча мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.