МЕНЧИК ЫШКЫСЫ: ӨТҮМДҮҮСҮ, ЖАСАЛМАСЫ

Товардык эн белгини, интеллектуалдык менчикти уурдап алуу соода базарында арбын жолукчу окуялардан. Менчик ээсинин укугун коргоо мыйзамдык негизге салынганы менен ууруну таап чыгуу түйшүгү көп жумуш.
Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйылкы жылы товардык белгилерди Мадрид келишимине ылайык каттатууга арыз бергендердин саны былтыркыдан арбыды. Анткен менен кийинки кездери ойлоп табуучулукту каттатууга арыз бергендер азайып, пайдалуу моделдерди каттатуу жокко эсе болуп калды.

Өткөн жылы өкмөт артыкбаш башкаруу мекемелерин азайтып, чиновниктердин санын кескин кыскартууга киришерин жарыя кылган. Ошентип, интеллектуалдык, өнөр жай менчигин, стандарт, метрология сындуу жөнгө салгыч мекемелерди бириктирүү же кыскартуу маселеси чыккан. Аны премьер-министр Феликс Кулов интеллектуалдык менчик боюнча эларалык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда жарыя кылды.

-Кайсыга кайсыны кошууну тактоо кыйын эле болду. Айрыкча жаңычылдык- инновация, метрология, стандартташтыруу системасын өз алдынча калтыруу же кошуу маселеси,- деп айтты Ф.Кулов.

Жеке менчикке негизделген базар-нарк мамилеси тушунда менчик ээсинин укугун коргоо өзгөчө маани-мазмунга ээ болууда. Кыргызстандык ишкерлердин товардык белгисин пайдаланып, атын жамынып жайнатып жасалма буюм-тайымдарды чыгаруу кошуна Кытайда абыдан арбыды. Өнөр жай менчигин коргоо ошондон олуттуу экономикалык проблемага айланууда.

- Бул саясат мамлекеттин интеллектуалдык менчигинин бардык түрүнө тиешелүү. Менчикти коргоодо жаңы технологияны пайдалануу, илим менен техниканын жетишкендигине таянуу зарыл. Анын маданий да чоң мааниси бар. Жасалма буюмдарды жок кылуу, менчик атын уурдоочуларга каршы аянбай күрөшүү керек,- дейт Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Европа, Азия өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин жетекчиси Владимир Иосифов.

Кыргызстандын интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Роман Оморов автордук, патенттик укуктар интеллектуалдык менчик өз ара чогуу корголушу керек деген пикирде.

Кийинки кездери таанымал товардык белгини уруксатсыз пайдаланып, киреше табууга кызыккандар көбөйүүдө.

- Айрым уятсыз адамдар башка бирөөлөрдүн товардык белгисин өзүнө каттатып алып, базарды ээлөө аракетин жасашууда. Белгилүү фирманын атын сатып, анын товардык белгиси менен буюм чыгарып базарга чыгарууда. Аларды таап жазага тартыш кыйын. Антсе да аларга кантип күрөшүү боюнча биздин да ойлогондорубуз бар,- дейт Орусиянын патент, товардык белги, интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын жетекчи орунбасары Игорь Лебедев.

Базар мамилесин коштой чыккан эн-белгини уурдап алуу, өтүмдүү товардын атын жамынып жасалмасын жайнатып чыгаруунун зыяны кыргызстандыктар үчүн жаңылык деле эмес. Бирок да ага каршы күрөшүү азырынча жеткиликтүү жүрбөй жатканы аркыл жыйындарда такай айтылып, тим калып атканы да көпчүлүккө дайын.