Аба ырайы

Бишкектеги гидрометеорология борборунун кабарлоосу боюнча, 13-июнда Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33 градус.
ТАЛАСта түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31 градус ысык.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32 градус.
ЫСЫККӨЛ жана НАРЫН өрөөндөрүндө түнкүсүн +6...+12, күндүз +20...+25 градус.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Мелүн жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +29...+31 градус.