“Аль-Каида” уюму жаңы террордук чабуулдарды уюштура тургандыгы жөнүндө эскертти

“Аль-Каида” уюму жаңы ири террордук чабуулдарды уюштураарын эскертүүдө. Мындай билдирүүлөр өткөн аптада аталган уюмдун Ирактагы башчысы Мусаб аз-Заркави өлтүрүлгөндөн кийин жасала баштады. Анын аралыгында Иракта түрмөлөрдөгү 200дөн ашуун адам бошотулду. Өткөн аптада 600гө жакын адам абактардан чыгарылган.