Россия Черногорияны көз карандысыз өлкө катары тааныды

Россия Черногорияны көз карандысыз өлкө катары расмий тааныды. Москва Черногорияга дипломатиялык мамилерди түзүү жана Москва менен Подгорицада элчиликтерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылды. Черногориянын парламенти 3-июнда референдумдун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган.