АПТА КААРМАНЫ – АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ

«Асаба» улуттук кайра жаралуу саясий партиясынын лидери, Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаров жаңы бийликке ачык оппозицияга чыкканын жарыялап, коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн өзүнө бурду.
Кандайдар бир күтүүсүз билдирүүлөрдү жасоо Азимбек Бекназаровго мүнөздүү көрүнүш. Саясатчы март ыңкылабына бирге аттанган өнөктөшү, президент Курманбек Бакиев баштаган азыркы бийликке оппозицияга чыкканын жарыялоо менен, өтүп бараткан аптада өзүнө упай топтоого жетишти.

- Мен бул бийликке 24-марттан бери эле оппозицияда жүрөм. Бирок, коомчулуктун алдында эмес. Ар дайым президенттин кабинетинде же ошол команда менен жолуккан убакта. Бизде да бир нече жашыруун меморандумдар бар, мен аны сактап жүрөм. Анткени, ал кезде мен КЭКтин (Кыргызстан элдик кыймылы) төрагасы болчумун. Бардыгы менде бар. Башкача айтканда мен ушул убакка чейин деле оппозицияда жүрдүм. Бирок, үмүт этип, эми аягына чыгарат го, реформа жүргүзөт го, коррупция менен күрөшөт го, азыр жаңы келгенде кыйынчылык болуп, мурдагы бийлик өкүлдөрү тоскоолдук кылып атат деген үмүт менен ушул убакка чейин жашап келдим,- дейт Азимбек. Бекназаров.

Бекназаров ошондой эле «Реформа үчүн» кыймылы менен кызматташарын билдирди. Анын оюнда Аксы окуясын кайра баштан тергөөдөн Жогорку Соттун баш тартышы жана анын айланасындагы акыркы ызы-чуулар президент Бакиевди мурдагы президент Акаевдин жолоюна түшкөнүн дагы бир ирет далилдеди. Аксы окуясына байланышкан маселени чече албаган азыркы бийлик эл тагдырын чече албайт деп сындады:

- Урматтуу Кыргызстандын эли, 24-мартта элдик революция болгондо ушу Курманбек Салиевичти үйунөн алып келип, ушу мамлекеттин башчылыгына отургузуп, элдин, мекендин тагдырын бергенибиз үчүн мен кечирим сурайм,- дейт Азимбек Бекназаров.

Бекназаровдун мындай кескин билдирүүсүн ушу күнгө чейин эле коомдук-саясий чөйрө ар кыл өңүттө талдап, кээ бири ызаланган аксылыктардын акыбалын көрүп, кызуу кандуулукка алдырды дешсе, айрымдары Бекназаровдун дымагы ашып кеткенин айтышууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков муну сыпайгерчиликке жатпаган көрүнүш дейт:

- Бакиев үчүн элден кечирим сурагыдай жалгыз Бекназаров Бакиевди шайлаган жок. Үйүнөн алып келип отургузуп койдук деген да туура эмес. Ошол кезде эл деле, мен деле көргөм, Бакиевдин Жалалабадда, Ошто, Таласта, башка жерлерде жүргөнүн. Лидер болуп ошондой барган да бул өзүнчө чоң тобокелчилик болгон.

Аксы окуясынын баш каарманы Азимбек Бекназаров чоң саясий айдыңда мурдагы президент Аскар Акаевге каршы элдешкис оппозицияга чыгып, Үзөнгүкуушка байланыштуу ага импичмент жарыялоо демилгеси аркылуу көрүнгөн. Ал баштаган саясий топ негиздеген «Эл үчүн реформа жана Акаевге отставка» кыймылы кийинчерээк «Кыргызстан элдик кыймылына» айланган. Ошондуктан, көпчүлүк талдоочулар Бекназаровду ыңкылаптын башкы лидерлеринин катарында санап келишет. Анын башкы прокурордук кызматка барышын оңчул-солчул саясатчылардын жапырт колдошун да ушуну менен байланыштырып жүрүшөт.

Бекназаров башкы прокурордук кызматта алты айдан ашык иштеген жок. Муну президент Карасуу чатагы менен байланыштырып, ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланды деп кызматынан алып койгон. Бекназаровдун оппоненттери көшөгө артында аны башкы прокурордук кызматты саясий трибунага айландырды, конкреттүү иш аткарбай, көп ишти аягына чыгарбай койду, атүгүл коррупцияга аралашып кетти деп да сындап жүрүшөт. Саясатчы өзү болсо мындай айыңдын тарашын мамлекеттик жогорку кызматтарда жүргөндөрдүн, алардын жакындарынын кыйыгына тийип алгандын кесепети катары баалаганы бар.

Бекназаровго коюлган дооматтарга ишенбегендердин бири «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов болду:

- Мен эми колумда документ болбогондон кийин көшөгө артындагы пикирлерге ишенбейм, мен деле угуп жүрөм андайды, тигинден алды, мындан алды дегендей. Мисалы, Конгантиев менен Бекназаровду салыштыргылачы. Балким Азимбек көбүртүп-жабырткан жагынан, кичине бир саясий шоу кылган жагынан аша чаап кеткен учурлары болгондур, баягы постреволюциялык кырдаалдан улам. Бирок, сөздүн түз маанисинде көп иштерде коомчулук менен жакын болду, ошол эле Акаевдин мүлкү боюнча болобу, ошол эле атка минерлер боюнча болобу. Анан негизгиси, кечээки эле Бакиев менен Бекназаровдун аксылыктарга байланышкан мамилесинен, соттон мен түшүндүм, Бекназаровдун башкы прокурордон кеткен себеби эле Аксы боюнча ал Бакиевдин да күнөөсүн таап баштаган.

Бекназаровдун каяшасына президент жооп кайтарган жок. Маалымат кызматы аксылыктарга күзөт кызматы кол көтөрдү деген билдирүүнү төгүндөө менен чектелди. Анткен менен Аксы окуясы боюнча анын тапшырмасын экс-баш прокурор кезинде аткара албаганын 7-июнда бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда президент белгилеп өттү:

- Мен муну Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп барганда биринчи күнү айткам. Азимбек Анаркулович, сиздин эң биринчи милдетиңиз ушу болсун. Аксы окуясы боюнча аягына чыгыңыз эми. Сиз башкы прокурор, мен премьер министр, президенттин милдетин аткарып атам. Башка бардык ишти токтотуп, ушунун аягына чыгың дедим. Алты ай иштеди башкы прокурор болуп, чыга албады.

Азимбек Бекназаров 5-июндагы маалымат жыйынында, ал Аксы окуясына байланышкан ишти жетимиш пайызын бүтүргөнүн айтып, аягына чыгарууга азыркы бийлик атайылап тоскоолдук кылып, эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат деп сындады:

- Боспиектеги адам өлтүрүү фактысы боюнча мен тарабынан кылмыш иши козголгон эле. Андан башка жаңы ачылган жагдайлар боюнча букеевалардын, Камчыбековдун, арызы боюнча экинчи кылмыш иши козголгон эле. Ушул иштер мен башкы прокурордуктан кеткенден кийин, 29-сентябрда 2004-жылы токтотулуп калып отурат. Мына президент менен жолугушууда ушул иштер сегиз айдан бери эмне үчүн токтоп турат, Курманбек Салиевич, деген Азизанын (Абдырасулова), Төлөйкандын (Исмаилова) дегендерине мен билбейм деген кыяз кылды. Үч-төрт күн мурда эле мен, Конгантиев, Абдыгапаров, Абдылдаев төртөөбүз президент менен ошол жөнүндө сүйлөшүп, колуна ошонун копиясын карматып чыккам,- дейт Азимбек мырза.

Президент атайылап билмексенге салып жатат деген Бекназаров июль айынын башында Кочкоратада элдик сегизинчи курултай өткөрүп, азыркы расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө ошол жерде баа берерин жарыялады. Ага «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлерин чакырды. Кыймылдын лидерлери курултайга катышар-катышпасы, атүгүл Бекназаровдун сунушун кабыл алар-албасы тууралуу позициясын ачыктай элек. Айрым маалыматтарга караганда, бул маселе жакынкы күндөрү талкууланчудай. Бирок, Мелис Эшимкановдун кыйытканына караганда, өздөрүн реформачы санаган оппозициячыл маанайдагы саясатчылар Бекназаровдун демилгесине тилектеш сыяктанат:

- Бизге таарынып келди, силер революция күндөрүндө Бакиевди колдобой койгонсуңар, тандем деген балээни ойлоп чыгаргансыңар, Акаевге барып, Москвадан кол койдуруп келгенсиңер, ошону менен жашыруун бирдемеңер бар, силер «куйруксуңар» дегендей бизге кыр көрсөтүп келбедиби Азимбек. Кошулбайм силерге, жыйырма жетисинде (митингге) чыкпайм, жыйырма тогузунда (митингге) чыкпайм деп. Анан өзү бышып жетилгени жакшы болду да.

Президентти колдогон кээ бир саясатчылар Бекназаровдун акыркы аракеттерин Курманбек Бакиев менен бийлик талашуу дымагы катары да сыпатташууда. Мындай пикирлердин чындыгы болушу да мүмкүн деп болжогон Акматбек Келдибеков, тескерисинче, ыңкылапчылардын баш бириктиргени оң болмок дейт:

- Ошол революцияны чогуу жасагандан кийин (эл жасады, булар башында турду) кыйынчылыктарды чогуу жеңе билсе. Кыйынчылыктарды көтөрө билишип, бүгүн элди козутпай, тескерисинче элдин турмушун оңдош үчүн чогуу кадам шилтеп иш кылышса жакшы эле болмок. Анан курултай өткөрөт, аны кылат, муну кылат деп атат, будан элдин курсагы тойбойт. Эми токтотуш керек муну.

Анткен менен Бекназаровду кыйла саясатчылар эч нерседен тайманбаган көкжалдыгы, калыстыкка умтулуусу анын эл алдында жүзүн жарык кылып, таасирдүү саясатчылардын сабында турат дешет. Ал эми өксүгү катары ишенчээктигин, көшөгө артындагы саясий оюндарга кирип кетме оомалыгын айтып жүрүшөт.