БИШКЕК. Өлкөнүн чек ара кызматынын катарына жаңыдан кабыл алынып жаткан 200 жоокердин Ата Мекен алдындагы ант берүү каадасына чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов, бул кызматтын ардагерлери жана жоокерлердин ата-энелери катышып, жаш чек арачыларга калоо-тилектерин айтышты. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, катарга жаңыдан кабыл алынган чек арачылардын мындай аскердик ант берүү аземи мамлекеттик деңгээлде биринчи жолу өтүп жатат.