Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорду инвестициялоого даяр

БИШКЕК. Бул тууралуу Кытай жетекчиси Ху Цзинтао кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен кечээки жолугушуусунда билдирди. Кытай жетекчиси Кыргызстан менен саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелердин ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолуп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушу тезирээк ишке ашуусуна кытай тарап кызыкдар экендигин белгиледи.