БИШКЕК. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Реза Сабури өкмөт башчы Феликс Кулов менен жолугушуусунда билдирди. Элчи соңку эки жылда эки өлкө кызматташтыгы бир аз солгундап кеткенин айтып, алака-катышты чыңдоо, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн азыркыдан жок дегенде төрт эсеге көбөйтүү керектигин белгиледи. Элчи ошондой эле Феликс Куловго Иран президентинин расмий сапар менен келип кетүү чакырыгын тапшырды.