Бүгүн Германияда баштала турган футбол боюнча дүйнөнүн чемпионатын кыргызстандык күйөрмандар толугу менен мамлекеттик телеканал аркылуу көрө алат. Өкмөт буга зарыл болгон 2 миллион 431 миң сомду «Бишкек көз карандысыз телеканалына» төлөп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу