Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы АКШнын Европадагы жашыруун абактары тууралуу жаңы докладын жарыялады

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын Европадагы жашыруун абактары тууралуу жаңы докладын жарыялады. Анда Европанын 14 өлкөсү, алардын ичинде Британия, Италия, Германия Борбордук чалгындоо кызматына терроризмде шектелген адамдарды ташууга жардам берүү менен, эл аралык нормаларды бузгандыгында күнөөлөнүүдө. Европа өлкөлөрү мындай дооматтарды четке кагууда.