Канадалык аскерлер Ооганстанда барымтага алынды деген маалыматтар четке кагылды

Канада жана НАТОнун жетекчилиги “Аль-Жазира” телеканалынын Ооганстанда канадалык бир нече аскер барымтага алынды деген маалыматын четке какты. “Аль-Жазира” мындай маалыматты Талибандын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө таянуу менен тараткан. Учурда Ооганстанда Канаданын 2 миң 300 аскери бар.