Чехияда коалициялык өкмөт түзүлө баштады

Прагада өлкөнүн премьер-министри, социал-демократиялык партиянын лидери Иржи Пароубекунун отставкасын талап кылган массалык митинг өттү. Чехияда соңку 8 жылдан бери бийликте турган социал-демократтар жакында өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жете алган жок. Бүгүн өлкөдө коалициялык өкмөт түзүлө баштады. Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Атуулдук демократиялык партия Христиан-демократтар жана жашылдар партиясы менен коалиция түзүүнү макулдашты.