«Кыргызтелеком» акционердик коомунун 77% акциясы сатыкка коюлат

Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов билдирди. Анын айтымына караганда, менчиктештирүү программасына ылайык 2006-2007-жылдары 153 ишкана менчиктештирилет. Алардын катарында 77 акционердик коом, 69 мамлекеттик ишкана, жоопкерчилиги чектелген 7 ишкана бар.