6-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары соттун чечимине нааразы болгон аксылыктар, “Ганси” авиобазасы, мамлекеттик тилге арналган макалаларга орун берди.
6-июндагы “Агым” гезити “ Убадасы кургак кекиртек- суу жүрбөгөн түтүк!” деген баш сөз менен чыкты. Гезиттин биринчи бетине “Акүйдүн айласын Азимбек окутабы?” деген фотоколлаж басылды. Себеби, бул гезит Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун” “Мекендин тагдырын Курманбек Бакиевге бергенибиз үчүн мен элимен кечирим сурайм” деген калкка кайрылуусун толугу менен жарыялады.
“Урматтуу мекендештер! Аксы окуясы боюнча сот процессинде Акаевдин заманындагыдай эле чечим чыгарып, миңдеген милиция кызматкерлери сот болуп жаткан имаратты алдын-ала эле курчап, ал эми судьялар чечимин чала окушуп, түшүндүрбөй жашыруун эшик менен чыгып кетишти. Мурдагыдай эле акыйкат издеген жабырлануучулар токмоктолуп, күнөөкөрлөр бийликтен колдоо тапты. Президент К.Бакиев А.Акаевдей эле конкреттүү эч нерсе айталбай, улуттук трагедияга айланган Аксы окуясынын айрым күнөөкөрлөрүнө жан тартканын билдирип койду. Бүгүн президент К.Бакиевдин айланасында, аны кызматка алып келишкен революционерлердин 70%ы кызматынан кетирилип, алардын ордуна Акаевдин үйбүлөсүнүн "Алга, Кыргызстан!" партиясынын лидерлери кызматка келишти.
Элдик революциядан кийин мамлекет башчылыгына К.Бакиевди үйүндө олтурган ("манты жеп" - "Агым" редакциясынан) жеринен чакыртып, Мекенди, элдин тагдырын ага бергендигибиз үчүн мен Сиздерден, Кыргызстан элинен кечирим сурайм. Биз жаңылыппыз! Революциянын болушуна алгачкы түрткү берген жана үч жыл бою тынбай Акаевдин режими менен күрөшкөн Аксы элинин жаңы бийликтен кайрадан токмоктолушу менен кайрадан Бакиевдин режими менен чечкиндүү күрөшүүгө түрткү берди. Мен Аксы элинин атынан бүткүл Кыргызстан элин, анын ичинде "Реформалар үчүн" Кыймылына өлкөнүн, улуттун тагдырына кайдыгер эмес бардык жарандарды 2006-жылдын 2-июлунда Жалалабат облусунун Кочкората шаарында өтө турган VIII Элдик курултайга чакырамын,”- деп кайрылган Азимбек Бекназаров.
“Агымдын” кабарчысы Асланбек Сартбаевдин бул жолку макаласы “Бийлик “өлүк жыттанабы?” деп аталат. Анда өлкөдөгү кырдаал, бийликтин кайдыгерлиги, тоңмоюндугу, кемилликтери айтылып, натыйжалуу жаңыланууга барбай жатышы, системаны өзгөртүүнүн зарылдыгы айтылган. “Бийлик эми элдин абалын жакшыртмак тургай, улам бир чуу чыгаргандан жадабады. Эми бийликтин акырынан жем жеген саясатчылар түндүк-түштүк маселесин курчутуп жатышат. Кузгө чейин элдин таламдары аткарылбаса, бийликтен, Курманбек Бакиевден ишеним кетээри чын,-”деп жазат Асланбек Сартбаев.
“Агым” гезитине кабарчы Жеңишбек Эдигеевдин Жогорку кеңештин депутаты, маркум Баяман Эркинбаевдин жесири Чолпон Султанбекованын “Баяманды өлтүргөндөр азыркы бийликте отурушат” деген маегинин уландысына орун берди.
“Эл, анын ичинде мен Курманбек Салиевичти бул иштин идеологу катары сезгенибиз жок. Мисалы, Ошто Дүйшөн Чотонов баш болгон Роза Отунбаева, Анвар Артыков, Азимбек Бекназаровчолук Бакиев активдүү да боло алган жок, элдин эсине да илинген жок. Баямандар өздөрү билип эле өзбек-кыргыз маселеси пайда болуп кетпесин деп Артыковду губернатор кылышты. Бул да болсо алардын элди ойлогону, калыстык кылганы. Идеясыз революция болду»,- деп Чолпон Султанбекова Баямандын ыңыклаптын бир жылдыгында эскерилбей калганы,анын атын сатып, далайлар мүлккө ээ болгонун, кошоматчылардын чыныгы жүзү эми ачылып жатканын айткан.
Жогорку кеңештин депутаты Сооронбай Жээнбеков “Агымга” берген маегинде кыргыз тилинин өнүгүүсүнүн кемчиликтерине токтолуп мындай деген:
“Тилди өнүктүрүш үчүн эң биринчи кезекте Кыргызстанда эң жогорку жыйындар кыргыз тилинде өтүшү зарыл. Баягы "балык башынан сасыйт" дегендей, өзүбүздүн мамлекет башында тургандар тилди чанып, танып ийип атпайбы. Программа кабыл алып, тилди көтөрөлү деп миң бакырган менен мамлекет башындагылар кабыл алган программаны ишке киргизгенге аракет кылбаса, анда кыргыз тилдин келечеги болбойт. Ал эми
өзбек туугандар өзбек тилине официалдуу статус бергиле деп чыкканы бул таптакыр туура эмес. Өзбек туугандар орус тилине теңтайлашып, атаандашканы акылга сыйбаган жорук. Дүйнө жүзүндө алты тил колдонулса, анын бири орус тили.”
“Агымдын” Талас облусу боюнча өз кабарчысы Шабдан Сулаймантегин мындай деп жазат:
“Биринчиден, президенттик үчүн Бакиевге татырлык талапкер ат салышкан жок, альтернативсиз шайлоо болду десек деле жарашчудай. Экинчиден, аз убакыттын аралыгында эбегейсиз аброй топтогонго жетип, Бакиевге атан төөдөй атаандаштык жаратып, эл арасында "Урмат" деген уламышка айланып бараткан Урмат Барктабасовдун шайлоого жеткирилбей жыга чабылганы. Үчүнчүдөн, Бакиевдин Кулов менен тандемге барышы.Төртүнчүдөн, саясый салмагы жагынан Бакиевден алда канча оор Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев сыяктуу "супертяжеловестердин" өз амбицияларынан, эл бейкуттугун, эл биримдигин эп көрүп шайлоого катышпаганы. Эгер булар президенттикке кандидатурасын койгондо, балким, биз кубаттаган Курманбек Салиевич 70 пайыз алат беле же 7 пайыз алат беле, аны бир кудайдын өзү билет.”
“Кыргыз руху” гезити тил статусун бетке кармаган Жогорку кеңештин депутаты Кадыржан Батыровдун эки элдин ортосунда от жагып, туура эмес иш-аракет кылып жатышканын талдоого алган.
Кош атуулдук алып, бирок Кыргызстанда жетекчилик кызматтарда иштеген, ал түгүл Жогорку кеңешке депутат болгон Данияр, Үсөнов, Вячеслав Хан, Абдумуталип Хакимов менен Кадыржан Батыров тууралуу да “Кыргыз руху” гезитине кабарчы Айзат Баяндын макаласы чыкты.
6-июндагы “Аалам” гезити “Мен ушул кезге чейин жаңы бийликтен чечкиндүү кадамдарды күтүп, мурдагы режимдин кетирген кемчиликтерин оңдоо деле оңойго турбастыгын, убакыт керектигин, жаңы бийликке балким, бут тосуулар болуп жаткандыр деп үмүттөнүп келгем. Азыркы бийликтин 2-3-июнундагы Аксы окуясынын жабырлануучуларына жасаган мамилеси мени Бакиевдин режими менен чечкиндүү күрөшүүгө түрткү берди, менде башка жол жок. Аксылыктардын алдында мындан ары унчукпай коюуга моралдык укугум жол бербейт” деген Жогорку кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун сөзүн берип, элдик курултайга чакырганын маалымдайт.
“Өлкө башчысы дүйшөмбү күнү Ак үйдө өткөн жыйында оболу америкалык базанын ижара акысы жөнүндөгү маселени тез арада чечүү керектигине токтолду. База боюнча сүйлөшүүлөрдө эки тараптын кызыкчылыктарына туура келбеген аспектилердин жаралышынан бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Президент “Бул келишимде Кыргызстандын экономикалык, экологиялык “кызыкчылыктары туруш керек” деп өз позициясын так түшүндүрдү,”- деп баяндайт “Аалам” гезити.
Ушул гезитке Феликс Куловдун Конституциялык реформалоо тобуна жөнөткөн өз варианты тууралуу “Аалам” мындай деп маалымдайт.
“Анда негизги идея күчтүү президент, күчтүү парламент.” Кулов сунуштаган модель боюнча премьер-министрди парламент дайындайт. Өлкө башчысы Башмыйзамдын күчтүү гаранты болуп өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт, күч органдарын жетекчиликке алат. Өлкө башчы өкмөттүн күндөлүк ишине кийлигишпейт. Өкмөт курамын түзүү маалында кадрларды дайындоону өкмөт башчысы менен Парламент жүргүзөт.”
“Кыргыз туусу” гезити Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү ачык- дезинформация” деген президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүн жарыялады.