Аксы окуясына мыйзам чегинде баа берилбесе, жабырлануучулар күнөөкөрлөрдү өз алдынча жазалоого өтүшү ыктымал

БИШКЕК. «Кылым шамы» бейөкмөт уюму бүгүн ушундай билдирүү таратты. Уюм аксылыктардын укугун калыбына келтирүү, экинчи чыр-чатакты пайда кылбаш үчүн маселени мыйзам чегинде чечүү президенттин милдети деп санайт.