ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ПРОГРАММАСЫН КАРАЙТ

5-июнда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2006-2007-жылга менчиктештирүү программасын кароого киришет. Программада «Учкун», Айдаркен сымап комбинаты сыяктуу ири ишканаларды менчиктештирүү каралган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турдумамбетовдун билдирүүсүнө караганда, Камбарата 1, Камбарата 2 ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтер тууралуу» мыйзамдын тизмегинен чыгаруу жана аларды менчиктештирүүгө жол ачуу, электр бөлүштүргүч компанияларды концессияга берүү маселеси да өзүнчө мыйзам катары парламент кароосуна жиберилген.