Премьер-министр чек арачылардын эрдигин эскерет

5-июнда премьер-министр Феликс Кулов 12-майда Баткен жана Кадамжай районундагы окуяларда эрдик көрсөткөн чек арачыларды кабыл алат жана айрымдарына сыйлык тапшырат. 12-майда куралдуу топ Баткен облусунун чегине кирип келип, андагы кагылышуудан кыргызстандык бир атуул, бир бажы кызматкери жана төрт жоокери каза тапкан. Куралдуу топтун төрт мүчөсү өлтүрүлүп, бирөөсү колго түшүрүлгөн.