Аксы окуясынын жабырлануучулары жана айрым укук коргоочулар бүгүн Президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Анда 2002-жылдагы Аксы окуясы ишти кайра тергөө, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу маселеси козголду. Бирок аксылыктар өлкө башчысынын сөзүнө канааттанбагын айтышууда. Кечээ Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Аксы окуясы боюнча ишке кайра тергөө жүргүзүү тууралуу башкы прокуратуранын сунушун четке каккан. Мындай чечимга нааразы болгон жабырлануучулардын 15 чакты өкүлү Президент менен жолугуу талабы менен Акүйгө кирмекчи болгондо милиция күч менен кубалап чыккан.
Аксылыктарды Президент менен жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров баштап кирди. Жолугушуудан чыккан соң Азимбек Бекназаров бийлик мурдагы эле сөздөрүн кайталаганын, эч кандай так жооп болбогонун билдирди:
-Аскар Акаевдин учурундагыдай эле бүтүрөбүз, аягына чыгабыз, иш көзөмөлдө деген убадалар болду. Менин шайлоочуларым, жабырлануучулар Президенттен же баш прокурордон иш белгилүү бир убакытта аягына чыгат деген так жоопту ала алышкан жок.
Азимбек Бекназаров өзү баш прокурор болуп турганда бул окуя боюнча жаңы иш козголуп, 70 пайызы бүтүп калганын, жолугушууда ушул ишти аягына чыгаруу маселеси козголгонун, бирок ага да карап көрөбүз, сотко кайрылабыз дегендей жооп болгонун кошумчалады. Азимбек Бекназаров прокуратура, сотко кайрылыштын кереги жок, башталган ишти эле аягына чыгарыш керек деп эсептейт.
Аксы окуясында жабыр тарткандардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков жолугушуудагы сөздөрдөн улам бул иш аягына чыкпайт деген бүтүмгө келди:
- Биз Президент менен көпкө сүйлөштүк, бирок эч кандай мааниси болбоду. Бир үй өрттөнүп, бирок үстүндөгү чөп күйбөй калды деген сөз болгондой таасир калтырды мага. Ачык айтышпайт. Сот актады, демек алардын (Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын) күнөөсү жок дегендей ойду кыйытышты. Президент баш прокуратурадан «качан бүтөсүңөр?» деп сурашы керек эле. Бирок Президент «бүтө аласыңарбы» деп сурап жатат. Ушундан улам мен бул иш аягына чыкпайт деген жыйынтыкка келдим.
Жолугушууга аксылыктар менен кошо укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова да катышты. Азиза Абдрасулова Аксы окуясына байланышкан иш эртедир кечтир баары бир аягына чыгышы керектигин белгилейт:
-Бул иш азыр аягына чыкпаса анда кийинки келчү жаңы бийлик чыгарат. Бул иш аягына чыкмайын биз Кыргызстанда ыңкылап болду деп эсептебейбиз.
Сүйлөшүүгө бийлик тараптан катышкан Президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун жолугушууда башкы прокуратура бул иш боюнча кашаңдыгын көрсөттү деп эсептейт:
- Жолугушууга катышкан баш прокурор жана анын орун басары бул ишти кашаң жүргүзүп жатканын көрсөтүп койду. Президенттин суроосуна дагы тергейбиз, убакыт бериңиз деген жооп болду. Президент болсо аягына чыгаргыла деди, бирок катуу айткан жок.
Президент менен жолуккан аксылыктар болсо «Азаттыкка» мамлекет жетекчисинин айткандарына алымсынбаганын, Аксы окуясы боюнча күнөөлүлөр татыктуу жазасын алмайын тынчыбастыгын айтышты.