АКШнын аскерий жетекчилиги жүргүзгөн тергөө март айында Ирактын Исхаки деген шаарында болгон окуяда америкалык аскерлер мыйзам бузган эмес деген жыйынтыкка келди. Окуя учурунда америкалык аскерлер "Ал-Каида" уюмунун мүчөлөрүн камакка алуу аракетинде Исхаки шаарындагы бир үйгө келгенде, аларга каршы ок атылган жана ал үй абадан бомбалангандан төрт карапайым адам курман болгон. Бирок жергиликтүү калктын айтымында, америкалык аскерлер 11 адамды атып өлтүргөн, алардын арасында аялдар жана жаш балдар да болгон. Өткөн жылдын ноябрында америкалык аскерлер Хадита шаарында 24 карапайым адамды атып өлтүргөн деген күнөө боюнча дагы тергөө жүрүп жатат.