Ооганстандын Кандагар шаарынын алдында дагы бир террор аракети ишке ашырылды

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарынын алдында кечээ күнү бир жан кечти өзүн-өзү жардырып жибергенден анын өзүнөн башка дагы үч карапайым адам курман болду. Жарылуу жолдон канадалык аскерий машинелер өтүп баратканда болгон жана жетекчиликтин айтымында, жан кечти ошолорго зыян тийгизүүнү көздөгөн.