Иранда 135 жаштагы аял ооруп, ооруканага жаткырылды

Ирандын ИРНА маалымат агенттиги билдиргенге караганда, кечээ күнү 135 жаштагы аял ооруканага жаткырылды. Кафие Торкашванд 1870-жылы туулган. Буга чейин дүйнөдө эң узак жашаган деп франциялык Женни Калмен деген аял катталган, ал 1997-жылы 122 жашында дүйнөдөн кайткан.

Нарын Айып, Прага