Америкалык аскерлердин Эль-Хадита шаарынын тургундарын өлтүргөндүгү тастыкталса, жоопко тартылышат
Өткөн жылдын ноябрь айында америкалык аскерлер Ирактын Эль-Хадита шаарынын 24 тургунун өлтүргөндүгү тастыкталса, алар жоопко тартылат. Бул тууралуу АКШ президенти Буш билдирди. Учурда бул окуяга байланыштуу АКШда жана Иракта иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.