Преднестровьенин лидери референдум өткөрүүнү сунуштады

Приднестровьенин лидери Игорь Смирнов сентябрь айында көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүү сунушун жарыялады. Бүгүн Игорь Смирнов ушул күндөрү Молдовада иш-сапары менен жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жетекчиси Карел де Гухт менен жолугушат.