Экс-президент Аскар Акаевдин адовкаты Максим Максимович Кыргызстандагы ишин аяктады

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте россиялык адвокат Максим Максимович экс-президент Аскар Акаев менен анын жубайынын жактоочусу катары акыркы маалымат жыйынын берет. Максимовичтин буга чейин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, тараптар менен кызматташуу мөөнөтү 15-майда аяктаган. Ошондуктан, ал Москвага кетет. Анын ордуна Кыргызстанда экс-президенттин укугун жергиликтүү адвокат коргомокчу.