Балдарды коргоонун эл аралык күнү бүгүн Кыргызстанда да белгиленет

БИШКЕК. Бул күнү Жогорку Кеңеш экс-президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеп келген «Мээрим» кайрымдуулук фондунун имаратына байланышкан маселени талкуулаганы жатат. Ал эми жер-жерлерде жана Бишкек шаарында кайрымдуулук акциялары болот. Бишкек шаарында оорулуу, кароосуз калган балдардын жүрүшү өтөрү да күтүлүүдө. Кыргызстанда он эки миңден ашык кароосуз бала расмий каттоодо турат.


Бурулкан Сарыгулова