Миграциянын өсүшү улуттук генофонддун бузулушуна алып келиши ыктымал

БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков билдирди. Депутат учурда өлкөнүн түштүк аймактарындагы эмгекке жарамдуу калктын 70 пайыздайы Орусия менен Казакстанда эмгек мигранты катары жүргөнүн маалымдады. Бирок алардын көпчүлүгү мыйзамсыз иштешүүдө. Кубанычбек Исабеков бул маселени жеңилдетүү үчүн Орусия менен кош жарандуулук боюнча мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.