КАБУЛДАГЫ ТОПОЛОҢ

Кабулда дүйшөмбү күнкү тополоңдон соң чукул абал жарыяланды. Каражаңжал автокырсыктан чыкты. Америкалыктардын аскер колоннасы жеңил машинаны капшыра сүзүп алып,беш киши мүрт кетти. Жаалданган шаарлыктар америкалыктарды ташбараңга алып киришти. Окуяга күбө болгондор кагылышта аламан топко ок атылганын, бери дегенде сегиз киши мерт кетип, ондогон кишилер жарадар болгонун айтышты.
Америкалык аскери командачылыктын өкүлү полковник Том Коллинздин божомолунда, тополоң маалда алдастап калган солдаттар ок чыгарган болушу да мүмкүн. Коалиция азыр бул окуяны кылдат териштирип жатат. Коллинз кара кагылышта бейжазык адамдар набыт болгонуна өкүнүч билдирди.

Дүйшөмбү күнү бу окуя маалым болор замат шаарда күтүргөн аламан топ көчөлөрдү каптап, тоз-тополоң салышты. “Карзайга өлүм!”, “Америкалыктар жоголсун!” –деп айгайлаган миңдеген кишилер дүкөндөрдү талкалап, машиналарды өрттөштү.

Президент Хамид Карзай шаарлыктарды тополоңго тукургандарды өлкөнүн душманы деп атады жана калкты сабырдуулукка чакырды. Карзай бу кылмышты кимдер жасаганы аныкталарына, күнөөлүүлөр сотто жазасын аларына, Ооганстан мындай зомбулукка жана ички душмандарга эч качан мүмкүндүк бербей турганына ишендирди.

Шейшемби күнү окуяны парламент талкуулады. Кабулда чукул абал жарыяланып, шаарды танктардын жардамы менен аскерлер көзөмөлдөй баштады.

Байкоочулар соңку кездери Ооганстанда антиамерикалык маанай күч ала баштаганын айтып жүрүшкөн. Муну талиптерге жан тарткан күчтөр шыкактап жатканы чын, бирок буга коалициянын айрым калпыс аракеттери да кошумча болууда. Кабулдун көпчүлүк тургундары америкалык солдаттар калктын эмес, негизинен өздөрүнүн коопсуздугун гана ойлорун айтышат. Жергиликтүү тургундардын бири америкалыктар оогандыктарга ыдык-ыза көрсөтсө, анысы үчүн же үзүр сурабаганына, же компенсация төлөбөгөнүнө ачууланды. Анын айтымында, америкалыктардын айрым иштери жергиликтүү калктын өтө арына тийип жатат, дүйшөмбү күнкү окуя да Ооганстанды мазактаган иш болду.

Ал эми Лондондогу согуш жана тынчтык кабарлары институнун Кабулдагы кеңсесинин директору Жин МакКензи дүйшөмбүдөгү тополоңдо шыкакчылар болгонун, атүгүл ага кай бир саясий партиялар да тартылганын кабарлады.

Шейшемби күнү тополоңго активдүү катышканы үчүн 140 киши кармалды. Алардын көбү жаштар.