Шаардык китепкананын он эки кызматкери иш таштоого чыгышты

НАРЫН.-Биз шаардык китепкана облустун карамагынан март айында бөлүнгөнбүз. Март айынан бери айлык ала албай жатабыз, үч ай болду. Бүгүн иш таштап атабыз, бизге айлык берсин, – деди Акылай Байтемирова. Китепканачыларды губернатордун орунбасарлары Ишенбай Абдыгазиев, Салтанат Эшенаманова кабыл алып сүйлөштү. Натыйжада, эки күндөн кийин март айынын, 15-июнга чейин апрель айынын маяналарын төлөп берүү жөнүндө шаардык каржы бөлүмүнө тапшырма берилди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин китепканачылар жумушка чыга тургандыктарын билдиришти.

Күмөндөр Усупов

Редактору Кубат Чекиров