Аксы окуясы боюнча козголгон иш кайра башынан тергелиши ыктымал

БИШКЕК. Жогорку сот башкы прокуратуранын кайрылуусунун негизинде 2002-жылдагы Аксы окуясы боюнча ишти кароого киришти. Анда бул иште жаңы жагдайлардын бар экени, мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегени белгиленген.