Бишкекте Азамат Алтайды эскерген жыйын өттү

БИШКЕК. Азамат Алтайдын Бишкектеги жакындары жана «Азаттык» үналгысы уюштурган бул жыйынга президенттик админстрациянын, өкмөттүн өкүлдөрү, АКШ элчиси, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары катышты. Жыйында Азамат Алтайдын арбагына куран окулуп, өмүрү-чыгармачылыгы эскерилди жана маркумдун «Азаттыкка» берген акыркы маеги уктурулду. Азамат Алтайдын сөөгү өткөн ишембиде Нью-Йоркто жерге берилди. Азамат Алтайды эскерген жыйын 31-майда кичи мекени - Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында да өткөрүлөт.