Министрлер оппозициянын он талабына жооп беришет

БИШКЕК. Бүгүн кечинде бир катар министрлер улуттук телеберүүдө түз байланыш аркылуу «Реформа үчүн» кыймылы койгон талаптарга байланыштуу өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришет. Мындай тапшырманы президент Курманбек Бакиев өкмөткө ишемби күнү берген. Оппозициялык кыймыл 27-майдагы митингде бийликке койгон он талаптын катарында реформаны тездетүү, Аксы окуясынын чыныгы күнөкөрлөрүн табуу, 24-марттагы талап-тоноодо жабыркагандарга компенсация төлөө, сөз эркиндигин камсыздоо, алтын кендерин иштетүүгө тендер жарыялоо өңдүү талаптар бар.